НЕГИЗГИ БЕТ » 2014 » Февраль » 15 » Ч.ЖАЛИЛОВ. АКЫР ЗАМАН БЕЛГИЛЕРИ.
15:49:32
Ч.ЖАЛИЛОВ. АКЫР ЗАМАН БЕЛГИЛЕРИ.
Ч.ЖАЛИЛОВ. АКЫР ЗАМАН БЕЛГИЛЕРИ.

Азиздер айтып кетиптир, 

Акыр заман  болжолун.

Ак Азирет Пайгамбар,

Адам ата баш болуп...     (Калыгул олуя)

      Кыяматтын болоору анык. Болбойт деген пенде ыймандан чыгаар. А качан болоорлугун Улук Кудайдан башка так айта ала турган эч ким жок экендиги да анык. Болгону биз пенделерге акыр заман алааматтарын билүүнасибеси гана ыйгарылган. Билүүнүн канчалык кажети бар дешиңиз мүмкүн. Андыктан акыр заман алааматтарын билүүнүн пайдасын айта кетели:

Акыр заман белгилерин билүүнүн пайдалары:

1.    Кайыпка ыйман келтирүүнүчыңдоо. Ар бир пенде Аллах таала жана Пайгамбарыбыз алайхис салам айткан ар бир кайып нерселерге ыйман келтирүүсүмилдеттүү. Кыямат да кайыптын катарына кошулат. Анын белгилерин таанып-билүү, акыр заманга болгон ишенимди чыңдайт.

2.    Кыямат күнгөдаярданууга шарт түзөт. Кенебестиктин уйкусунда жаткандарды ойготот. Дүйнөгөбайланып калбастан тооба кылууга түртөт.

3.    Фыкых-укуктук маселелер менен шариаттык өкүмдөрдүн баянын аңдоону шарттайт. Мисалы: Дажжаал келгенде бир күн бир жылдай болот, бир күн бир айдай болот деп айтылат. Ошондо намазды кантип окуйбуз деген суроого Пайгамбарыбыз алайхис салам "Анын чен-өлчөмүн болжолдоп тактайсыңар!", деп ишаарат берген. Ошол себептүүбиз айлап күн менен түн алмашпай калган жерлердеги намаз окуунун тартибин белгилейбиз.

4.    Пайгамбарыбыз алайхис саламдын акыр заман белгилерин айтып берүүсү, ал белгилердин ишке ашуусу, Пайгамбарыбыз алайхис саламдын эбегейсиз чындык ээси экендигинен кабар берет.

5.    Кыяматтын белгилерин билүү, бизди ал окуяларды туура билүүгөжардам берет.  Кыяматтын белгиси болбогон нерсеге деле башын оорутуп жүргөндөр бар эмеспи. Мисалы: Мусулмандар Дажжаалды жакшы таанышат. Башка эле бирөөкелип мен Дажжаал элем десе, ага ишенбейт. Себеби Дажжаалдын белгилери китептерде ачык-айрым айтылган.

6.    Келечектеги болоор нерсеге инсанияттын даяр туруусу. Күтүүсүздөн болгон нерсе ар кандай ыңгайсыздыктарды жаратуусу мүмкүн.

7.    Үмүт эшигин ачат. Себеби акыр заман белгилеринин бири Ислам жер жүзүнөжайылат. Жөөт жана тарса диндери жер бетинен жоюлат, жок болот.

8.    Пенденин табиятынан болгон, көмүскөдөгүнерсени билүүынтызарлыгын кандырат. Антпегенде, пенделер кыямат качан болот деп сурап, "көзүачык каапырлардын" соодасын жүргүзүп жиберишет эмеспи, жыйынтыгында ыймандан ажырап калышат.

Акыр заман белгилери менен иштешүүнүн эрежелери:

1.    Куран аяттары жана Пайгамбарыбыз алайхис саламдын сахих (ишенимдүүбулактарда айтылган) хадистери аркылуу билебиз. Башка диндегилердин маалыматтары, түштөр аркылуу, далилсиз сөздөр аркылуу, кээ бир элдердин календарлары аркылуу, божомол аркылуу биле албайбыз. Ага тыюу салынат.

2.    Ушул өңүттөгүишенимдүүаалымдарыбыздын маалыматтарына таянуу. Аалымдардан сурабастан туруп бул темадагы маалыматтарга ишенбөө. Болгон окуялар акыр заман белгисиби же жокпу дегенди ар бир адам өзүнчөжорумалдабаш керек. Аалымдарга тапшыруу ваажып.

3.     Адамдардын маданиятына, акыл эсине жараша маалыматтарды жеткирүү. Кээ бир адамдар жаңы мусулман болгондорго деле, акыл-эси чектелүүлөргөделе бардыгын айта беришет. Белгилүүболгондой, ар бир билинген нерсенин баары эле айтыла бербейт. Азирети Ибн Масьуд мындай дейт: "Адамдардын аң-сезими, акылы, баам-парасаты жете бербеген нерселерди айта берүү, кээ бир адамдарга фитна (жаңылып-жазуу, адашуу) болот" (Муслим, кириш сөз).

 

Акыр заман белгилери эки бөлүккө  ажырымдалат:

1.    Акыр замандын кичине белги-алааматтары;

2.    Акыр замандын чоңбелги-алааматтары;

     Кичине белгилер өтөэле көп. Мисал катары Калыгул олуянын: "Тоо токол болоор, кул бий болоор", "Акыр заман кишиси, кичине болоор мүчөсү", Буйлаш уулунун: "Акыр заман болгондо, Журтта ургаачы көбөйүп, Бой азаят дечүэле..", Молдо Кылычтын: "Орозо ,намаз окубай, Тил кыскарган бир заман..", деген бейттери хадистерде келген маалыматтарга үндөшүп турат. Бул өз кезегинде жогорудагы аталарыбыздын Ислам таалимдери боюнча илимдүү, кеменгер, чыныгы мусулман болгондугунан кабар берет. Ал эле эмес бул маалыматтарды Адам алайхис салам баш болгон Пайгамбар-азиздерден (урматтуулардан) алгандыгын ачык айтып туру. Андан башка да:

·         Балдардын ата-энеге кайрымсыз чыгуусу,

·         соода-сатыктын көбөйүүсү,

·         илимсиздиктин жайылуусу,

·         тааныштарга гана салам берип, тааныш эместерге унчукпай коюу,

·         аманаттын көтөрүлүүсү,

·         жылаңач, жарым жылаңач аялдардын пайда болуусу,

·         кой артынан жүргөн жылаңаяк-жылаңач, жармачтардын бийик үй салууда жарышуусу,

·         соодада аялдын күйөөсүнөжардам берүүсү,

·         базарларды кээ бир соодагерлердин монополияга айлантып алуусу,

·         жалган күбөлүк берүү,

·         акыйкат күбөлүктүжашыруу,

·         сараңдыктын жайылуусу,

·         тууган-уруктан мамиленин үзүлүүсү,

·         жаман коңшулардын көбөйүүсү,

·         уятсыздыктын жайылуусу,

·         аманатка бекем адамды кыянатчы деп айыптоо,

·         кыянатчылды аманатка бекем деп мактоо,

·         мал-акчаны кайдан келгенине, адал-арамдыгына маани бербестик,

·         Кудайдан башканын ыраазылыгы үчүн илим алуу,

·         үй-бүлөдөаялга баш ийип калуу,

·         энеге кайрымсыз болуу,

·         мечиттерде кыйкырып сүйлөө,

·         фаасык, дини тайыз адамдардын жамааттарга башчылык кылуусу,

·         элдин башына эңтайыздардын башчылык кылуусу,

·         пенденин жамандыгы тийбесин деп урматтоо,

·         жибекти эркектердин адал деп кийип алуусу,

·         арактын кадимкидей ичилип калуусу,

·         музыканын бардык түрүнун жайылуусу,

·         эртеңменен мусулман болгондордун кечинде мусулман эмес болуп күн батыруусу,

·         мечиттерди кооздуктар жасалгалап, алар менен мактануу,

·         байлыкты тил менен гана таап калуу,

·         Куран жаттаган каарылар көбөйүп, илимдүүлөр менен факих аалымдарынын азаюусу,

·         убакыттын берекесинин кетүүсү,

·         жылкынын кымбаттап кайра арзандоосу,

·         базарлардын жакын болуп калуусу,

·         жалгандын көбөйүүсү,

·         жер титирөөдөрдүн көбөйүүсү,

·         аялдардын көбөйүүсү,

·         эркектердин азаюусу,

·         Куран окугандыгына ижаара алуу,

·         семиздердин көбөйүүсү,

·         алдуусу алсызын басып жейт, кордойт,

·         байлык көбөйүп, жалпы адамзатта байлыктын жайылуусу,

·         аялдарды ойноштук менен айыптоонун көбөйүүсү,

·         Меккеде бийик имаараттардын курулуусу,

·         Имам Махдийдин чыгуусу (баамдалып тургандай Махдийдин чыгуусу кичине белгилерге кошулат).... акыр замандын кичине белгилерине кошулат. 

 

Акыр замандын чоңалаамат-белгилери:

      Чоң  белгилердин бири башталган учурда, калгандары да кезеги менен уланып келе берет. Каптын оозунун ачылганы мына ошол... Тизилген мончоктой болуп келе берет... Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Тизилген мончок үзүлгөндөй болуп, кыяматтын чоңбелгисинин бири башталаары менен уланып кетет. Чоңбелгилер деп аталып калгандыгы да, кыяматка жакын болуусу менен, бул окуялардан кийин дароо кыяматтын болоорлугу менен түшүндүрүлөт.

·         Дажжаалдын чыгуусу. Адам баласынан чыккан пенде. Кудай Таалам ага бир канча кудуреттерди берген. Кудай Таалам пенделеринин ыйманын сыноо максатында бул нерселерди тагдырга жазган. Пайгамбарыбыз алайхис салам  анын кул-мүнөздөрүн, табигый сыпаттарын баяндап берген. Дажжаал чоңфитна. Пендени ыймансыздыкка алып бара турган жумуштарды жасайт, азгырат. Ал өзүн кудаймын деп жарыялайт. Жер жүзүндөгүэңчоңфитна деп саналат.

·         Ийса пайгамбарыбыз алайхис саламдын түшүүсү. Дажжаалды өлтүрөт. Мусулмандарга амандык келет.  Адилеттүүлүк өкүм сүрөт.

·         Я-жууж менен Ма-жууждун чыгуусу. Адам тукумунан болушат.

·         Чыгышта, батышта жана араб жарым аралында жер жарылып, адамдарды жутат.

·         Түтүндүн каптоосу.

·         Улоонун (даабба) чыгуусу

·         Күндүн батыштан чыгуусу.

·         Жалпы өрттүн чыгуусу.

     Мунун баарын айтып жаткандыгым, кыямат болуп кетет экен эртеңдеп энтеңдегендер эбине келсин, ар нерсенин жолу болот, кыяматка даярдануунун да жолу бар, ошол жолу менен жүрсүн деген бир туугандык жакшы тилегим. Кыяматка даярдануу отун топтоп, суу сактаган менен болбойт. Кыяматка амал менен, жакшы сооптуу иштерди аткаруу менен, адамзатка кайрымдуулуктун жылуулугун жеткирүү  менен болот. Эң  негизгиси Аллах Таалага ыйман келтирип, акыркы пайгамбар Пайгамбарыбыз алайхис саламдын жолун ээрчип, сүннөтүн тутунуп жашоону ишке ашыруу.

    Эң  эле талашсыз маселе, ар адам бактылуу болгусу келет. А бирок эңэле талаштуу маселе ар ким бактылуу болууну ар кандай түшүнөт. А бирок талашсыз чындык, бактылуулуктун баары динде, тутунууда, карманууда. Ким канчалык пайыз карманса, ошого жараша бактылуу болоор. Толук бактылуу болгуңуз келеби, анда толук карманыңыз диниңизди. Сизди жараткан Кудайым сиздин бактылуу болуңузду каалап эле турат, а бирок отко айдаса бокко качкан пенде өзүнөөзүкылып алаар экен..

    Дагы бир баса айтчу нерсе, Калыгул олуя сыяктуу бабаларыбызды, "Аалам сырларына" чыгып жаткан жанагы бетин жуубаган "көзүачык" каапырларга теңеген таптакыр туура эмес. Асман жердей айырма бар. Алар бейиши болсо, булар тозоку. Алар акылдуу болсо, булар акмак. Алардан Аллахым ыраазы болсун деп дуба кылсак, булардын атын айткандан жийиркенебиз. Жаза-тайып айтып алса бир пенде, оозун күлдөп жуумагы ылаазым болоор.

 

урматым менен Чубак ажы
КОМЕНТАРИЙЛЕР: 0
e border="0" width="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Ысымыңыз : Email:
Код *: