НЕГИЗГИ БЕТ » 2014 » Февраль » 15 » Козду арамдан сактоонун 10 пайдасы
00:20:20
Козду арамдан сактоонун 10 пайдасы
Козду арамдан сактоонун 10 пайдасы

Аллах Таала адамдарды арам нерселерди кароодон тыйган. Анткени, арамды кароо адамды коптогон зыянга учуратат. Аллах Таала Куранда: "(Оо, Мухаммад!) Ыймандуу эркектерге айт: (Ботон аялдарга кароодон) коздорун тыйышсын..." – деп айткан. (Нур, 30-аят). Ал эми арамдан козун сактаган адам томонкудой пайдаларга жетише алат:
* Аллах Тааланын буйругун аткарат. Ыймандуу адам учун Аллахтын буйругун аткаруудан откон пайдалуу иш жок
* Аллахка куноокор болуудан алыстайт. Козду сактабоонун жыйынтыгы чон куноолорго берилип кетууго алап келет
* Аллахка жакындайт. Арам нерселерди кароо журокту алагды кылып, Аллахтан алыстатат
* Журокту эс алдырат. Ал эми арамга коз жугуртуу журокту чарчатып, ооруга дуушар кылат
* Журокту нурландырат
* Жузуно нур чыгарат. Ошондуктан, Аллах Таала козду сактоону буйруган аяттын уландысында нур тууралуу айткан 
* Сезимталдыкты кучотот. Арамдан козун сактабаган адам жакшы менен жаманды, адал менен арамды даана ажырата албай калат
* Шайтандын азгырыгынан сак болот. Козун арамдан сактабаган адам шайтанга бат алданат
* Уй-булонун бекемдигин сактайт. Козду арамдан сактабаган адамдардын кобу уй-булосунон ажырап калат
* Коомдогу бузукулук жок болот. Коом ичиндеги зынакордук, сойкулук ж.б. башаты – арамды кароодон башталат.
КОМЕНТАРИЙЛЕР: 0
e border="0" width="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Ысымыңыз : Email:
Код *: