НАМАЗ СИЗДИ ТАШТАП КЕТПЕСИН...
Урматтуу окурман, акыйкат жолду издеген бир туугандардын суранычы менен ушул жерде жаңы баштаган кадамдарыбыз тууралуу сүйлөшөлү деп турабыз. Ибадатты, исламдагы жашоону жаңы баштагандар үчүн "көйгөй" болгон жагдайларга Алла буйругу, пайгамбар жолунан алынган кеп-кеңеш, сунуштарыбызды жолдойбуз. Сөз тереңинде бири-бирибизге жардамчыбыз. Тирүүлүктөгү жападан жалгыз милдетибиз ошол-акыйкатка умтулуу, жардамдашуу. Бул жерге жарыя болгон маалыматтар баарыбызга пайда берет деген ишеничтебиз. Түйшүктүү жашоонун суроосу түмөн болгону менен анын чечүүнүн жолу бирөө гана. Ал- Ислам жолу!
Гүлзинат: "Намазды таштагым келет..."
"Ислам жолу": Аллах жакшылык каалаган пендесине гана динден түшүнүк берип, намазга алып келет . Сиздин намазга түшүшүңүз менен Бейиш жолуна, түбөлүк бактылуулук жолуна бет алдыныз. Бул сапар жеңил деп айтпайбыз, тескерисинчи хадисте келгендей: "Бейиш адамга жакпаган нерселер менен оролгон, тозок болсо адамдын напсисине жаккан жылтырактар менен оролгон". Бул жолдогу ачыктан ачык душман - шайтан. Себеби, ал Аллахка убада берген эле "Адам балдарынын бардыгын азгырам, бир азынан башкасын" (Куран, Исра: 62)
Жаңы намазга турган кишинин жүрөгү толук ыйманга толгуча шайтан ар балээни ойлоп таап, азгырып аны жаман нерселерге толтурууга аракет жасайт. Өзгөчө намазда турганда намазынан алагды кылып, окутпай коюну көздөйт. Ал эми намаз окубай калган адам ар кайсыл күнөөгө жеңил барат. Ошентип шайтан аны күнөөдөн тосуп туруучу эң чоң себеп намаздандан калтыргысы келет. Аллах Куранда айтат: "Чындыгында намаз бузукулук жана жаман нерселерден тосот" (Куран, Анкабут: 45-аят)
Качан пенде бул азгырыктарга, шайтандын жолтоолоруна сабыр кылып, намазын улантып, ыйманын күчөтүп, илис алып, ибадаттын уланта берсе , Аллах жеңишке жеткирет. Чындыгында, Аллах сабырдуулар менен бирге эмеспи. Ошондо намаз окуш ал пенде үчүн жеңил болуп калат. "Сабырдан жана намаздан жардам (кубат) алгыла. Албетте, ал (намаз) оор. Бирок, (Аллаhка) кичипейил кишилерге оор эмес. Алар "Биз Раббибизге жолугабыз жана Өзүнө кайтып барабыз" деп ишенишет" (Куран, Бакара суросу, 45-46-аяттар) Ал пенде Аллахка ибадат кылуу менен ырахат алып, Ислам дини канына, этине, жанына сиңип дүйнөдөгү эң кымбат нерсеси болуп калат. Мына ошондо шайтандар чогулуп келсе да эч нерсе кыла албай калышат.
Шайтанга туруштук берүү, ыйманды күчөтүү үчүн эмне кылуу керек?
1) Илим алуу;
Шариат илимдерин алуу, Жаратуучуну жакындан таанып, Анын ысым-сыпаттарын, буйрук-тыюуларын жакшы билүү. Шариат лекция-сабактарынаа катышуу жана шариаттык китептерди окуу. Эгер окуган китептериниз кызыксыз болуп жатса, анда өзүңүзгө жаккан, сиз түшүнө алган жеңил китептерди алуу керек. Мисалы жаңы баштоочулар үчүн жактырылган китептерди окуңуз.
2) Пайгамбарыбыздын (саллаЛлаху алейхи ва саллям) жана сахабалардын өмүр баяндарын окуп, динге кылган кызматынан, кылган сабырынан ибарат алуу;
3) Ыймандуу, салих адамдардын жамааттарында көп болуу;
4) Алланын парздарын аткарып, арамдан алыс болуу; Арам ыйманды азайтат, күнөөлөрдү көбөйтөт.
5) Ыйманды алсыздандырчу нерселерден алыс болуу;
· күнөөдөн сактануу;
· ыймансыз, жаман адамдардын чөйрөсүнөн оолактоо;
· пайдасыз нерселерден алыс болуу.
6) Зикир менен болуу. Ар бир жерде зикир-дубаларды айта жүрүү;
Эгер ушул аракеттерди аткарууга жалкоолонбосок эле, Аллах берекетин берип тандалган, сүйүктүү пенделеринин катарынан кошот,иншаАлла.
Туура жолго умтулган сизден Аллах ыраазы болсун. Эки дүйнөдө бактылуу инсандардан кылып, сыйлыгы жана мээрими болгон жаннат бакчаларына киргизсин!
|