НЕГИЗГИ БЕТ » 2014 » Февраль » 15 » ЫЙМАН ТУУРАЛУУ МАЕКТЕР: КӨЙГӨЙ МЕНЕН МАЕК
15:44:02
ЫЙМАН ТУУРАЛУУ МАЕКТЕР: КӨЙГӨЙ МЕНЕН МАЕК
ЫЙМАН ТУУРАЛУУ МАЕКТЕР: КӨЙГӨЙ МЕНЕН МАЕК.


Баннан аттуу инсан минтип айтат: «Бир күнү Аржинин уулунун алдына кирип келдим. Ошол учурда ал китепке толгон бир үйдө эле. Мен ага минтип айттым: Ушул китептерден мага эки гана сөздү кыскача тыянактап айтып берчи , мен алардан пайдаланайын».

Ал минтип жооп берди: «Сенин көйгөйүңдүн бардыгы Аллах Тааланы ыраазы кылууда болсун. Эгер сага бир нерсе туш болсо, убактыңдан пайдаланып тооба кыл».

Умар уулу Абдулла  мындай дейт: «Аллахтын элчиси өзүнүн сахабалары үчүн төмөнкү дубаларды  айтмайынча  отурган жайынан турган учуру аз болгон:

«Оо Аллахым , бизге биз менен  сага  моюн  сунбоонун  арасын тосуучу коркууну бер, Сенин бейишиңе жеткире турган таат- ибадат бер, дүнүйө кыйынчылыктарын жеңилдете турган бекем ишеним бер, бизди тирүү койгон кезиңде  кулагыбыздан , көзүбүздөн жана кубатыбыздан пайдалана турган кыл жана аны биздин мураскорлорубузга тартуу кыл , бизге зулумдук кылгандардан өзүң өч ал, бизге душмандык кылгандарга  каршы бизге жардам бер, биздин динибизге балээ жетишинен сакта, бул дүйнөнү  биздин чоң түйшүгүбүзгө жана илимибиздин жеткен чегине  айлантыра көрбө жана бизге ырайым кылбай тургандарга бийлик бере көрбө». (Тирмизий)

Ушул дубаны окуп, ага аябай кызыктым.  Аны кайра-кайра кайталап отуруп  жаттап да алдым. Бирок ушул дубаны ар убак  айтып  жатканда  «бул дүйнөнү  биздин чоң түйшүгүбүзгө айлантыра көрбө» деген сөз мени токтоп терең ойлонууга түртүп жатты.

Ошондо бир күнү ички дүйнөмдө ошол «түйшүктү»  өзүмө чакырдым. Мындан максатым- аны менен ачык  баарлашып, мага напсим тууралуу бере турган кеңешин   алуу эле.

Мен:

-          Оо түйшүк , силерде түйшүктүн  түрлөрү кандайча  болот?-деп кайрылдым.

Түйшүк :

-          Бизде түйшүк эки түрдүү болот:

1.      Бул дүнүйө түйшүгү;

2.      Акырет түйшүгү;

Бул Пайгамбардын (саллаЛлаху алейхи ва саллям)  ушул  сөзүнө ылайык:

«Кимдин түйшүгү Акырет болсо, Аллах анын байлыгын дилинде кылат, анын ишин бүтүн кылат жана ага дүнүйө өзү аргасыз келет. Ал эми кимдин түйшүгү  дүнүйө болсо, Аллах кедейликти  анын көзүнүн алдына келтирип коёт, анын ишин чачыранды кылып коёт жана ага дүнүйөдөн өлчөөлүү кылынганы гана келет». (Тирмизий 2402)

 

Мен:

-          Андай болсо,  мен өзүмдү кантип биле алам жана түйшүгүмдү кантип баалай алам?

Түйшүк:

-          Пайгамбар (саллаЛлаху алейхи ва саллям)  өзүнүн хадисинде баяндаган белгилерден биле аласың.

Ошондой эле Ибнул Коййим аль Жаузиянын (Ага Аллахтын ырайымы болсун) ушул  сөзүнөн да биле аласың: «Эгер пенде таң аттырган учурда  да , кечкурунга кирген учурда  да , анын түйшүгү жалгыз Аллах болсо ,  анда:

1.      Аллах Таала анын муктаждыктарынын бардыгын  өзүнө алат;

2.      Аны түйшүккө салган бардык нерсени  көтөрүп коет;

3.      Анын жүрөгүн Аллахка болгон сүйүү үчүн бошотуп коет;

4.      Анын тилин Алланы эстөө менен алек кылат;

5.      Анын денесин Аллахка таат-ибадат кылуу менен алек кылат;

Андан соң түйшүк кошумчалап мындай деди:

-          Жогоруда айтылгандар - түйшүгү Аллах Таала  болуп , ал үчүн кандай сыйлык бар экендиги тууралуу белгилер.  Ал эми кимдин түйшүгү бул  дүнүйө жана андагы нерселер болуп, өзү ага  байланып, аны гана көздөп, аны акыреттен да артык көрсө, анда ал түйшүктү таанып билүү үчүн төмөнкү белгилерди байкасак болот:

1.      Аллах Таала ага бул дүйнөнүн көйгөйлөрүн жана машакаттарын жүктөп коет;

2.      Аллах Таала аны өзүнө-өзүн  тапшырып, анын жүрөгүн Аллах Таала эмес,балким   жаратылгандар менен алек кылып коет;

3.      Анын тилин Аллах Тааланы эмес, балким пенделерди  гана эстеп зикир кыла турган кылып коет;

4.      Анын денесин Аллах Таалага ибадат кылууга эмес , балким пенделерге гана кызмат кыла турган кылып коет;

«Эгер ким Мээримдүүнү  эстөөдөн баш тартса, анда ага шайтанды жандоочу кылып коёбуз, ал анын досу болуп калат .» (Зухруф: 36)

Мен: 

-          Менде жогоруда  айтылган эки тараптан  тең  кээ бир сапаттар бар экендигин сезип турам.

Көйгөй:

-          Сенин мындай сезимиң жаңылыш сезим.  Анткени Аллах Таала пенденин жүрөгүнө көйгөйдүн эки түрүн бир кылбайт. Же дүнүйө көйгөйү, же акырет көйгөйү болуусу керек.  Бирок менимче сен,  кээ бир учурда акырет көйгөйүнө карата кемчилик кетирип, дүнүйө көйгөйүнө көңүл бургандыгыңды сезээриңди айткың келди окшойт. Мындай кемчилик инсанда боло берет. Бирок анын көйгөйү ар дайым акырет болот.

Шайх Кайланий (Аллах ага ырайым кылсын) өзүнүн уулдарынын бирине  мындай осуят  айткан экен: «Эй  уулум , сенин көйгөйүң – жей турган, иче турган, кийе турган нерсе, никелешүү, турак-жай, же чогулткан нерсе болбосун. Мунун баары напсинин, инсандык  табияттын көйгөйү. А жүрөктүн көйгөйү кайда? Сенин көйгөйүн сени  сени тынсыздандырган нерсе. Андыктан сенин көйгөйүң  Улуу Жаратуучуң жана анын алдындагы нерсе болсун».

Мен:

-          Сенден бир нерсе сурагым келип турат. Бирок  арсар болуп турам.

Көйгөй:

-          Арсар болбо,  анткени сен өзүң мени ачык сүйлөшүүгө чыгарганыңды билем.

Мен:

-          Ачык сүйлөшүү ...  Андай болсо, мага акырет иши үчүн көйгөйлүү болгон жүрөктүн иш жүзүндөгү белгилерин айтып берчи?

Көйгөй:

-          Бул суроо абдан сонун жана маанилүү.  Бул жаатта бизге  имам Мухаасибийдин (Аллах Таала ага ырайым кылсын)  ага карата анын өзүн-өзү эсеп –кысап кылып , иш аракетине көзөмөлдүк кылгандыгы тууралуу  айтылган  ыр жооп болоору анык:

 

Аны ойлойт  сүйлөбөгөн кекеч -деп ,кай бир адам.

Аны  бирок,  даанышмандык – тилден  алган.

Келжирек деп ойлойт аны акмак киши,

Бирок Аллах үчүн насаат кылуу анын иши.

Өзүнө тиешесиз нерсени  ал таштаган,

Жетээрлик чектен  ал эч ашпаган,

Адамдар анын алдында  ырахат алат,

Напсиге каршы туруп ал  мээнет кылат.

Такыбалык менен өлтүрдү напси камын,

Илим нуру менен кыйратты кумар дартын.

Мен:

-           Дуба кылып, ушундай сапаттарга мени ээ кылуусун Аллах Тааладан сурайм.

Бирок, мындай сыпаттарга ээ болгон адам ар дайым Аллах Тааланы эстөөсү зарыл экендигин ырастайт белең?

Көйгөй:

-          Ооба, бул туура. Ошондуктан да Аллах Таала  пенде, же намазда, же намазды күткөн эки абалдын биринде болуусу үчүн бир күндө беш ирет намаз окууга буюрган.  Натыйжада үзгүлтүксүз дайыма Аллах Таала менен бирге жашайт жана анын көйгөйү да Аллах Таала үчүн болот. Буга кошумча, намазда, же намазды күтүү менен жүрөктөрү мечиттерге байланган  пенделер Кыяматта Аллах Тааланын саясынан башка болбогон күндө,

 Улук Аллах Тааланын саясында болушаарын Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллям) өз хадисинде айтып өткөн.

Мен:

-          «Акырет көйгөйү» -деген сөздү көп ирет кайталагандыгыңды байкадым.  Бул сөздүн мааниси эмне болду экен?

Көйгөй:

-          Чындыгында Акырет кабырдан башталып, бейиш,  же тозок менен аяктайт. А сен ар күнү балким ар саат сайын жүрөгүң жана көйгөйүң менен  кабырды зыярат кылууга мүмкүнчүлүгүң бар.  Мухасибий (Аллах Таала ага ырайым кылсын) мындай деп айткан экен: «Кабырларды көйгөйүң менен, Махшар майданын жүрөгүң менен зыярат кыл»  Акырет көйгөйү мына ушундайча болот.

Мен:

-           Мага илгерки изги инсандардын акырет тууралуу кандай пикир кылышкандыктарына мисал келтире аласыңбы?

Көйгөй:

-          Ооба,  анда бул жагдай боюнча мага кулак сал.   Ибн Сириндин  (Аллах Тааланын ага ырайымы болсун) алдында өлүм тууралуу сөз болсо, ойлонуп, пикир кылуудан анын денесинин бардык мүчөсү өлүк сымал жансыз  болуп калаар эле.  Ибрахим Яманий мындай дейт: «Эки нерсе менин бул  дүнүйөгө болгон кумардануумду үздү:  өлүмдү эстөө жана Аллах Тааланын алдында турган абал.» Каъб мындай деп айткан экен: «Ким өлүмдү аңдап түшүнгөн болсо,  ага бул дүнүйөнүн машакаттары жана көйгөйлөрү  жеңил сезилет»

Мен:

-          Аллах сага береке берсин. Бирок канткенде жүрөгүмдөн  бул дүнүйөнүн көйгөйүн чыгарып сала алам?

Көйгөй:

-          Ага сенин күчүң жетпейт. Анткени сен бул дүнүйөдө жашап жатасың, андыктан аны менен мамиле кылууга муктажсың. Бирок  ал дүнүйө  сенин жүрөгүңдө эмес, колуңда болсун.  Бул дүнүйөгө  суу сыяктуу мамиле кыл . Эгер суу кеменин ичинде болсо, анда аны кыйроого алып келет. Ал эми кеменин астында болсо, анда ага жөлөк болот.  Мына ушул сыяктуу сен да дүнүйөгө болгон мамилеңде аны астыңда кыл жана жүрөгүңдө кылба , анткени ага чөгүп кетүүң мүмкүн.

Мен:

-          Бирок, андан биротоло кантип кутулууга болот?

Көйгөй:

-          Сен мүмкүн эмес нерсени талап кылып жатасың? Пайгамбардын (саллаЛлаху алейхи васаллям)  «Бул дүнүйөнү көйгөйүмдүн  чоңу кылба»-деген дубасын окуган эмес белең?!  Тактап айтканда, кээде инсан окуу, соода кылуу, перзент  жана мындан башкалар сыяктуу  бул дүнүйөдө  пайдалана турган иштерге кам көрөт. Бирок, негизгиси  бул дүнүйөнү чоң көйгөйгө айлантырбооң жана аны Акырет ишинен илгери кылбооң болуп саналат.

Мен:

-          Ооба. Аллах Тааладан бул дүнүйөнү мен үчүн  чоң көйгөй кылбоосун сурайм.

Көйгөй :

-          Аамийн.  Мен сенин көйгөйүңмүн. Аллах кааласа  сага жардам беремин.  А сен бул дүнүйөгө таянба жана табынба!  Канчалаган ээлик кылып ага табынган адамдардан дүнүйө безип кеткен. Алардын кылган иштери өзүндө калып, ал эми дүнүйө башкаларга  өтүп кеткен. Алардын мүлкүнө  аларды мактабаган  адамдар ээ болгон.

Андан соң көйгөй:

-          Кош кал, эй досум- деген абалда Абдулланын жүрөгүнө кирип кетти.

 

Араб тилинен которгон Касым Сыдыков
КОМЕНТАРИЙЛЕР: 1
| КОМЕНТАРИЯ № 1 | КОШУЛГАН КҮНҮ: 09.10.2022
Эн жакшы
e border="0" width="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Ысымыңыз : Email:
Код *: