НЕГИЗГИ БЕТ » 2014 » Январь » 27 » ЖАЛКООЛУКТУН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?
16:13:30
ЖАЛКООЛУКТУН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?
Кантип жашоодогу ордубузду табабыз? Жалкоолуктун себеби эмнеде? 


СУРОО. Ассаламу алейкум. Озумду бул жашоодо таба албай жургондой эле сезип жатам. Ар бир адамдын бир нерсеге шыгы болот го, 22 жашка толсом дагы озумдун неге шыгым бар экендигин билбей журом, колуман еч нерсе келбегендей, эч кандай пайдам жок болгондой сезилет. Ыйманым да аябай томондоп кетти. 
Ыйманды которуу учун эмнелер кылуу керектигин билем, бирок кылалбай журом (жалкоолуктан, эч нерсеге кызыгуу болбогондуктан, ыйманымдын томондугунон ж.б).
1. Оз шыгымды табуу учун эмне кылуу керек? 
2. Бир нерсеге кызыгуу пайда болдуруу учун, ибадаттарды толук аткаруу учун жалкоолуктан айрылуу учун емне кылуу керек? (Айжамал)

ЖООП. *Ислам Жолу - жаны баштоочуга 
ва алейкум ассалам. Адам озун табуу эч качан кеч эмес. 20 жаш болобу, 30пы, 60пы – адам озун аныктоо жолуна тушсо, канча жаш жашаса да бактылуу жашайт. Сиз ушул нерсеге кызыкканыныз – озу чон жениш!

«1. Оз шыгымды табуу учун эмне кылуу керек?»

Алла кааласа бул ото женил. Алла Куранда айтат: 
"Алардын дуйно жашоосундагы тиричилигин (ырыскы таап жей турган кесибин) да БИЗ болуштургонбуз жана бирин-бирине моюн сундуруп алуулары учун (бири-бирин жалдап, жумуш иштеш учун) кээ бироолорунун даражасын башкаларынан бийик кылып койгонбуз" (Куран, Зухруф:32)

Демек ар бир адамдын бир нерсеге шыгы бар. Адамдардын баары доктур же мугалим же бизнесмен болуп кетсе жашоо журмок эмес да мисалы. Жок дегенде эле бироо отук тигип кызмат кылыш керек. Ал эми доктурлар дарылап, милициялар тартипти сактап дегендей... 

Ошондуктан хадистерде "Кайсыл кесип жакшы?" деген суроого ар кандай жооптор келген. Бирде "соода" деп айтылса, башка риваяттарда "багбанчылык", "кол онорчулук" делет. Себеби ар бир адамдын ОЗУНУН кесиби бар жана ошол кесипке 1) анын шыгы бар 2) аны суйуп аткарат 3) бекер иште десен да чын конулдон аны аткара бермек.


-Адам оз ишин табуу учун, шыгы бар кесибин табуу учун эмне кылыш керек?
-Кайсыл жумушту суйуп аткарат экенин карасын. Жаш балалык, оспурум кезиндеги кызыгуу, хоббилерине конул бурсун. Жана да озуно суроо берсин "мага кайсыл ишти бекер иште десе да чын конулдон аны аткара бермекмин?". Созсуз турдо бул нерсе бар. 

-Эми суроо башка нерседе турат да. 
Оз ишинизди таптыныз дейли. Сиз ошол аркылуу кесиптик кылып, "жегенге нан" таап кете алам деп кумондосузбу? Балким... Айлана-чойродогу адамдар юрист, экономист, дипломат болуп акча табат экен, а мен кантип озумдун хоббим менен акча табам деген ойлор келип жатабы? Эч коркпонуз. Аллага тобокел кылыныз! Жанагы айтылып откон аятка дагы назар салалы - Аллах бул кесипти сизге берип койду ушул аркылуу нан таап жесин деп, а сиз башканы каалайсыз. Бирок билип коюнуз - анда береке жок! Аллага тобокел кылыныз! 

Эгер сиз озунуздун ишинизди таап, ага берилип аткарсаныз - созсуз профессионал болосуз. Ал эми профессионалдар ар бир жерде барктуу. Сиз жасаган иштин продукциясы созсуз турдо бул дуйнодо бирооно керек, жана ал кардар сизди кутуп турат качан жасайт деп. Сизден башка балким эч ким андай жасабаар чыгаар. Бул дуйнодо сиздей эч ким жок. Сиз уникалдуу адам болгондой эле, сиз жасагандай эч ким жасай албайт. Балким сапаты, саны тарабынан алдыга кеткендер бардыр, бирок сиздин жасаган иште - сиздин жаныныз салынган, сиздин сезимдериниз салынган. Ошон учун ал кайталангыс десек болот.

Озунузду ичинизден "чукулап" корунуз, озунуздун чеберчилигинизди табыныз, Аллага бекем таянып ишинизди кыла бериниз! Алла берем дегенден кийин берет!


«2. ... жалкоолуктан айрылуу учун емне кылуу керек?»

Жалкоолуктун бирден бир себеби - адам учун кылып жаткан иши кызыксыз болгону. Биздин мээбиз ушундай жаралыптыр - кайсыл ишти жактырбаса автоматтык турдо ага блок коюп, кучун сарптагысы келбейт экен. Бул учурда биз сурайлы озубузду: "мен чын эле ушул ишти кылышым керекпи, кылсам мага кандай пайда болот, ким учун кылуум керек". Кээде, биз бироого жаман корунбош учун деле бир нерселерди кыла беребиз, бирок ал нерсе озубузго жакпайт. 

Карап корсонуз, сизге кызыктуу, озунузго пайдалуу нерсеге эч качан жалкоолук кылбайт элениз. Адам озуно кызыктуу, озунун шыгы бар, потенциалы ачылган жумушту кылса - бардык энергиясын жумшап, ичкен ашын таштап, уйкусунан калып болсо да ошол жумушун кылат. Себеби ал ага жагат. Ал эми жакпаган, конулу тартпаган жумушту кылам деп озун озу мажбурлай берген болбойт.

Эгер адам озунун кызыктуу жумушунда да жалкоолук кылып жатса, анда Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бул дуасын кылсын: 

Айтылышы: "Аллахумма, иннии ауузу бикя минал-ъажзи валь-кясяли, ваь-бухли валь-жубни, ва доляъатид-дайни ва голябатир-рижаал"

Мааниси: "О, Аллах! мен сенден суранам: мени алсыздыктан жана жалкоолуктан, сарандыктан жана коркоктуктан, карыз кыйынчылыктарынан жана адамдардын устомдугунон коргой кор!"

Ал эми бардык нерсени Алла жакшыраак билуучуроок!

Азиз бурадар, окурман!
Бул макала тууралуу ой-пикириниздерди билгибиз келет. Сиз буга макулсузбу же макул эмессизби? Айта турган кошумчаныз барбы? Кичине да болсо оюнуз менен болушуунузду суранабыз!
КОМЕНТАРИЙЛЕР: 2
| КОМЕНТАРИЯ № 2 | КОШУЛГАН КҮНҮ: 07.02.2022
Hi, this is Irina. I am sending you my intimate photos as I promised. https://tinyurl.com/yagat9o4
| КОМЕНТАРИЯ № 1 | КОШУЛГАН КҮНҮ: 08.06.2016
мен келечекте аркандай тилектерим бир кесиптин эмес ар кесипти тандай берем неге экенин озумда билбейм
e border="0" width="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Ысымыңыз : Email:
Код *: